Turmush — Кечээ, 19-октябрда Талас облусунун Талас шаарындагы Эмилбек Айылчиев атындагы №7 орто мектебинин эки кабаттуу окуу корпусунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземге облустагы бир катар жетекчилер, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Борончу Өмүрканов жана Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү — шейх Мухаммад Абдуррахман Альшая катышты. Борончу Өмүрканов аталган фондго ыраазычылык билдирди.
Курулуш материалдарын сатып алуу, куруу, социалдык шаарчанын эмеректерин, инвентарларын жана жабдууларын сатып алуу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланды.
Жалпы аянты 852 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу окуу корпусу 250 орунга ылайыкталган. Имаратта 13 окуу бөлмөсү, мугалимдердин иш бөлмөсү, китепкана, жуунучу бөлмөлөр жана башка керектүү бөлмөлөр бар.
2022-жылы аталган бирикме тарабынан Талас шаарында эки кабаттуу окуу корпусу жана 72 турак жайдан турган социалдык шаарча курулуп, ишке берилген.
«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси республиканын аймагында жалпы 16 билим берүү мекемесин куруп, пайдаланууга берген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram