Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу 17.04.2014 15:58

Депутат К.Орозова өкмөттөн Баткен облусуна гемодиализ жана томография аппаратын алып берүүнү өтүндү

Turmush -  Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова өкмөттөн Баткен облусуна гемодиализ жана томограф аппаратын алып берүүнү өтүндү.

Ал бүгүн, 17-апрелде парламенттин жыйынында билдиргендей, өзүнүн диагнозун билүү үчүн оорулуулар Бишкекке же Ош шаарына барууга аргасыз.

«Алардын көпчүлүгү туура эмес диагноздон же болбосо туура диагноз коюу мүмкүнчүлүгү жоктон улам каза болушат», - деди депутат.

Ошондой эле ал Лейлек районунун ооруканасына тез жардам машинасын берүүнү өтүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×