Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.04.2014 15:11

Депутат Б.Төрөбаев: Кочкордун Ак-Жар айылындагы мектеп окуучуларынын дээрлик бардыгы жөтөлүп жатат

Turmush -  Кочкордун Ак-Жар айылындагы мектеп окуучуларынын дээрлик 100% жөтөлүүдө, деп билдирди депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутаттын айтымында, Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын мектеби каттама панелдер менен салынган. Дубалдардын ортосуна кирип, чыгалбай өлүп калган көгүчкөндөрдөн жыт чыгып, жагымсыз жагдай түзүлгөн.

«Жылытуу системасы жоктугунан мектеп муздак болуп, окуучулар айылдын маданият үйүндө окуп жатышат. Андагы окуучулардын дээрлик 100 пайызы жөтөлүп жатат. Буга олуттуу мамиле кылбаса, кийинкиси кыйын болуп калат», - деди депутат.

Эске салсак, мектеп жамааты мектепти оңдоп-түзөөгө каралып жаткан каражатка чакан мектеп салса болоорун белгилешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×