Turmush — Ош технологиялык университетинде күндүн энергиясын пайдалануучу станция орнотулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Учурда жалпы дүйнө коомчулугунда болуп жаткан энергетикалык кризистин кесепеттеринин алдын алуу, студенттердин билим алуусунда окуу-лабораториялык базаны чыңдоо максатында университеттин энергетика факультетинин жамаатынын демилгеси жана ректор Жанболот Турсунбаевдин колдоосу менен факультетте күндөн энергия алуучу станция орнотулду.
«Альтернативдик энергиянын келечектүү багыттарынын бири күн энергиясын пайдалануу болгондуктан бул иш-чара дүйнөлүк илимий коомчулук энергиянын кайра жаралуучу булактардан алуу ыкмаларын өркүндөтүү максатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында ишке ашырылды. Бул станциянын орнотулушу менен университетте энергетикалык каатчылык болбойт.
Ошондой эле, студенттердин окуу-практикалык, лабораториялык тапшырмаларын аткаруу, профессордук-окутуучулук курамдын күн энергиясын пайдаланууда студенттерге лекция окуу сыяктуу иш-аракеттер аткарылмакчы», - деп айтылат маалыматта.
Күн энергиясын пайдалануучу станциянын курулушу ОшТУнун 60 жылдык мааракесине арналды.