Turmush — Бүгүн, 18-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде кыргыз адабиятынын балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев конок-лекция окуду.
Ал окуу жайдын студенттери жана окутуучуларына деңгээлдик билим берүү технологиялары тууралуу лекция өтүп, анда формативдик билим берүүдө деңгээлдик ыкманын максаты, проблемалуу окутуу, ишмердик мамиленин белгилери, билим берүү философиясы тууралуу кеп козгоп, кызыктуу талкуу жаратты.
Бул менен бирге мугалим предметтик стандарттарды өздөштүрүүнүн деңгээлдери, маалыматтык, проблемалык, чыгармачыл деңгээлдердин критерийлери жана сынчыл ойлом жөнүндө кеңири маалымат берип, 4 деңгээлдин белгилерин мисалдар менен көрсөтүп, түшүндүрдү. Аны улай лекция суроо-жооп менен коштолду.
Бул иш-чара окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан студенттердин билим дүйнөсү кеңейип, дасыккан педагог болуу үчүн дагы да көп маалыматка ээ болуп, мыкты адис болуусуна шарт түзүү максатында уюштурулду.