Turmush — Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл аймагындагы ресторанда карыяларга сый тамак уюштурулду.
Аталган айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, бул иш-чара 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулган ш-чаралардын алкагында өттү. Саамалыкка карыялар менен катар район аким Алгынбай Имаров жана Бакай-Ата айылынын башчысы Руслан Байдулатов катышты.
Уюштуруучулардын куттуктоо сөзү менен айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү тарабынан 50 жыл бирге жашаган жубайларга атайын ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле айрым карыялар оорукта жана коомдук башталышта калкка жасаган эмгеги үчүн Бакай-Ата райондук ардагерлер кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн концерти менен коштолду.