Turmush — Ош шаарында шаар тургундарын жаан жааган сайын түйшүккө салган таза суу маселеси жолго коюлду. Анткени быйыл бул жаатта ири долбоорлор ишке ашып, бүгүнкү күндө шаарды жаан-чачын учурунда үлгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Шаарда дыгы бир чоң көйгөй бар. Ал — жол тыгыны. Жол тыгынын алдын алуу максатында шаарга жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп, пайдаланууга берилди. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев Turmush басылмасына бул багытта дагы кандай пландар бар экенин айтып берди.
«Биз жыл башында шаардагы эң орчундуу маселелерди аныктап чыкканбыз. Алар — таза суу маселеси менен жол тыгыны. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жыл башында 500 млн сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп берилген. Таза суу боюнча 3 этаптуу жумуш алып бардык. 70-жылдардан бери иштебей калган скважиналарды калыбына келтирип, негизги магистралдык түтүктөрдү тарттык. Андан сырткары сууну залалсыздандыруучу аппараттар үчүн курулмаларды куруп, лампаларды койгонбуз. Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде жайгашкан Төлөйкөн каналынан таза суу тартуу үчүн диаметри 1000 мм, узуну 400 метрди түзгөн түтүк тартылып, шаарга берилүүчү суу тармагына кошулган.
Ошондой эле мурдатан иштебей турган 6 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы 6 скважина казылып, таза суу системасына кошулду. Жалпы көлөмү 24 миң метр куб болгон (6 миң метр кубдук көлөмдөгү 4 суу кампа) жаңы таза суу кампасы курулду. Шаарга таза суу берүү токтогон убакта аталган суу кампадан 24 саат бою суу берип турса болот. Бул суу кампалар скважиналар аркылуу үзгүлтүксүз толтурулат.
Бул суу кампаларда 24 млн литр суу ар дайым сакталып турат. Суу кампалар таза суу системасына уланып, толук кандуу иштеп жатат. Жаан-чачын убагында Ак-Буура дарыясындагы суу булганып, таза суу берүү убактылуу токтотулуп келген болсо, жогорудагы иштердин натыйжасында таза сууну шаарга үзгүлтүкүсүз берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эгемендүүлүк күнүнө карата толугу менен бүткөрүлүп, президенттин катышуусунда пайдаланууга берилди. Бул суу маселесиндеги эң ири долбоор болуп калды», - деди ал.
Шумкарбек Пайзиев жаңы курулган жер үстүндөгү өтмөк жол тыгынын азайтууда кандай натыйжа берип жатканына токтолду.
«Жол тыгыны маселесин чечүү иштери Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы менен Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп келет. Биздин башкармалык тарабынан А.Навои жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулду. Анткени жол тыгыны дал ушул жайда көп болуп келген. Ошону эске алып, жер үстүндөгү өтмөк курулуп, пайдаланууга берилди. Алгач ар кандай пикирлер айтылды. Бүгүнкү күндө аталган жер үстүндөгү өтмөк эффективдүү иштеп жатат деп айта алам. Жол тыгынын 100 пайызга чечпесе да, жөө адамдар тарабынан жаралуучу жол тыгынын азайтты. Жарандардын коопсуздук маселеси да эске алынгандыктан, буга чейин болуп келген кырсыктар жоюлду.
Ушундай эле багытта кийинки жылы Ы.Монуев, А.Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жүрүүчү жолдун жана жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктүн эскизи даярдалды. Ал эми А.Масалиев, Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде боз үй элесин чагылдырган өзгөчө улуттук стилдеги жөө адамдар үчүн өтмөктүн эскизи чыкты. Учурда эскиздерди коомдук талкууга койдук. Элдин пикирин эске алып, деталдык планы, топографиялык тартуулары даярдалат. Андан сырткары Курманжан датка, Г.Айтиев көчөлөрүндө да жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулат. Негизги максатыбыз жол тыгындарын азайтуу болуп саналат. Быйылкы жылы долбоорлорду ийгиликтүү бүтүрүп калсак, кийинки жылы курулушун баштайбыз», - деди Пайзиев.
Ал ошондой эле башкармалык тарабынан курулуп жаткан социалдык объектилер тууралуу айтып өттү.
«Жыл башынан бери 2 мектеп, 4 бала бакча жаңы окуу жылына карата толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 2 мектеп менен бир бала бакча республикалык бюджеттин эсебинен каржыланса, 3 бала бакча жергиликтүү бюджеттен курулду.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, жакынкы күндөрдө Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушун баштоонун алдында турабыз. Алмалык айылынын жери Ноокатка караганы менен эли шаардын тургундары. Мектеп турган жер дагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгана карагандыктан, мектептин курулушу башталуу алдында турат. Буга чейин бул айылда типтүү мектеп болгон эмес. Биринчи ирет курулуп жатат. Мектеп окуучулары фин тибинде курулган имаратта билим алып келишкен.
Жапалак айыл аймагындагы Мээркан айылында буга чейин башталгыч мектеп гана болгон. Аталган айылдын балдары башталгыч классты аяктаган соң башка айылдагы мектепке барып, билим алууга аргасыз болушкан. Мындан улам 225 орундуу мектептин курулушу да быйылкы жылы башталат.
Спортчуларга шарт түзүп берүү максатында дагы бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Борбордук стадион толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жакынкы күндөрдө отура турган жайлардын үстү толугу менен тосулат. Башкача айтканда, стадиондун эки тарабы менен чыгыш тарабынын үстү жабылат.
Ош шаарында соңку учурларда спорттун классикалык түрүнө басым жасалууда. Буга чейин Ошто муниципалдык күрөш залы жок экен. Мындан улам биз күрөш залын курууну да пландап жатабыз. Учурда долбоорлору даярдалууда. Жыл аягына чейин күрөш залынын да курулушу башталып калышы күтүлүүдө. Спорт тармагындагы курулуштар республикалык бюджеттен каржыланууда», - деди Пайзиев.