Turmush — Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, доцент Улукбек Мамытов окуу жайдын студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Окуу жай жетекчилиги менен студенттердин жолугушуусу жыл сайын жылына эки жолу өткөрүлүп, кышкы жана жазгы семестрдин башталышында уюштурулат. Бул жолугушуунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштардын университетте билим алуусуна татыктуу шарттарды түзүү жана аларды келечекке коомдо өз ордун татыктуу табууга шыктандыруу болуп саналат.
Бул иш-чарада студенттер проректорго өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, окуу, контракт, предмет жана семестр тууралуу маселелер талкууланды. Проректор У. Ж.Мамытов өз сөзүндө университетте билим алып жаткан студенттер үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттар түзүлөрүн, алардын бир гана окуу менен чектелбестен ар тараптуу өнүгүүсүнө университет жамааты аракет кыларын билдирди.