Turmush — Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын 32 жылдыгына жана эгемендүү өлкөнүн алгачкы өкмөт башчысы Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган фотодокументалдык көргөзмөгө катышып келишти.
Бул көргөзмөдө Борбордук архив фондунан жана Ноокат районунун тарых музейинен алынган архивдик материалдар камтылган.
Көргөзмө Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөрүлүп, музейдин кызматкерлери тарабынан студенттерге эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы кыргыз тарыхын чагылдырган сүрөттөр, документтер аркылуу маалыматтар айтылды. Көргөзмөнүн алкагында студенттерди жетектеп алып барган окутуучу Г.Ш.Тажибаева «Эгемендүүлүктүн баасы жана баркы», «Өмүрү өрнөктүү инсандар», деген темаларда лекция окуп, тарыхый инсан Н. Исановдун саясий ишмердүүлүгү, кыргыз элинин өнүгүшү үчүн жасаган эмгектери тууралуу маалыматтарды берди.