Turmush — Филология илимдеринин доктору, ОшМУнун профессору Гулина Жамгырчиева Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине лекция окуду.
Аталган иш-чара мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.
Лекция «Чыңгыз Айматовдун чыгармаларында техносферанын берилиши» деген темада болуп, Айтматов ааламындагы жаратылыш кубулуштарынын, жалпы Жер планетасы, асман телолорунун сүрөттөлүшү, алардын адамзат аң-сезиминдеги чагылдырылыш, аалам менен адамзаттын философиялык байланыштары жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленет. Бул мааркенин алкагында өлкөнүн бардык аймактарында иш-чаралар уюштурулууда.