Turmush — Бүгүн, 11-октябрда Ош технологиялык университетинде Россия Федерациясынын «МЭИ» Улуттук изилдөө университетинен өкүлдөр келди. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Аларды ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
«Бул макулдашуунун негизинде машина куруу, энергетика, радиотехника, маалымат технологиялары, экономика багыттары боюнча эки диплом берүү туурасында макулдашты. Жыйынтыгында эки дипломду ишке ашыруу туурасында келишимге кол коюшту.
Бул макулдашуулар келечекте эки өлкө ортосунда ишке ашырылып, эки элдин ар тараптуу байланыш-катыш жасоосуна түрткү бермекчи. ОшТУ эл аралык билим берүү стандартына ылайык, алыскы жана коңшулаш чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары менен илим изилдөөдө, кадр даярдоодо жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүдө тыгыз байланышта иш алып барууда», - деп айтылат маалыматта.