Turmush — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Алтынбек Абдувапов ОшТУну аяктаган.
Ал «Салык кызматынын санариптештирүүгө карай багыты» аттуу темада уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө салыктык башкаруу жана салык системасын санариптештирүү чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер жана реформалар жөнүндө маалымат берди.
А.Абдувапов Салык кызматына кирүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди жана студенттерди экономика, салык мыйзамдары жана маалыматтык технологиялар жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө үндөп, келечекте Салык кызматында иштөө үчүн жогорку квалификациялуу адистердин келүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле, факультеттин окутууучулары өлкөнүн салык системасын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Салык кызматынын ардак грамотасы менен сыйланышты.