Turmush — Ош технологиялык университетине Россия Федерециясындагы Нижневартовск мамлекеттик университетинин окуу ишмердүүлүгү боюнча проректору Мальгин Геннадий Владимирович жетектеген делегация келди.
ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Нижневартовск мамлекеттик университети менен ОшТУнун ортосундагы өз ара кызматташуу келишиминин негизинде биргелешкен билим берүү программалары жана долбоорлору менен иштөө туурасында макулдашышты.
Электроэнергетика жана электротехника багыттары боюнча эки диплом берүүнү ишке ашыруу жөнүндө окуу пландарын талкуулап, конкреттүү кадамдарды жасашты.