Turmush — Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин курулуш кафедрасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк архитектура күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул иш-чарага шаардын көрүнүктүү архитекторлору жана Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун мүчөлөрү, кафедранын жалпы жамааты жана студенттер катышты.
Архитектура багытында билим алып жаткан студенттердин колдорунан жаралган эмгектер көргөзмөгө коюлуп, келген коноктор өз бааларын беришти. Кафедра башчысы Э.Э.Сатимбеков салтанаттын катышуучуларын Архитектура күнү менен куттуктап, келген конокторго ыраазычылык билдирди. Майрамдык салтанатка катышып жаткан коноктор тарабынан студенттерге жана жалпы кафедра жамаатына куттуктоолор айтылды.
Салтанаттын жүрүшүндө окууда жана колледждин коомдук иш-чараларына активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык баракчалары, грамоталар тапшырылды.