Turmush — Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлорунун I эл аралык форумунун алкагында Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев эки университет менен кызматташууну макулдашты.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, Жанболот Турсунбаев менен Ташкент шаарындагы Турин университетинин ректору, профессор Жамшид Иноятходжаев жолугушуу өткөрдү. Буга чейинки аталган эки окуу жай ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишимин талкуулап, келечекте аткарылуучу иштер туурасында макулдашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда архитектура жана дизайн багыты боюнча биргелешкен программаны ишке ашыруу жана анын жыйынтыгыгында кош диплом берүү туурасында меморандумга кол коюшту.
Ошондой эле ректор Жанболот Турсунбаев Ташкент шаарындагы Геологиялык илимдер университетинин ректору, профессор М.У.Исоков жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу иш-чарасында тараптар биргелешкен курстарды, конференцияларды, семинар-тренингдерди уюштуруу, академиялык тажрыйба алмашуу программасын уюштуруу, биргелешкен долбоорлорду, илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, конок лекцияларды уюштуруу, биргелешип эл аралык долбоорлорго катышуу жана башка маселелер туурасында макулдашып, соңунда эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту.