Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 15.04.2014 17:39

Ноокат районунан 30 чакырым алыстыктагы айылга тез жардам унаасы берилди

Turmush -  

Ош облусундагы Ноокат районунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Көк-Бел айыл аймагындагы фельдшердик акушердик пунктуна жаңы тез жардам унаасы берилди.

Аталган аймакта жайгашкан ФАПта 10 кызматкер эмгектенип, айылдын 5 миң 200 жашоочусуна кызмат кылат.

ФАП жетекчиси Абдыжапар Матмусаевдин айтымында, эмгектенгендердин бардыгы орто билимдүү кызматкерлер.

«Жогорку билимдүү дарыгерлер жок. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөр келбейт. Бир жыл мурун шарттын жоктугунан улам төрөт бөлүмү жарандарды кабыл алууну токтоткон. Учурда кош бойлуу айымдар райондун борборуна барууга мажбур болууда. Кайрылган айыл тургундарынын басымдуу бөлүгүнүн кан басымы жогорулап кеткен болот», - деди А.Матмусаев.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×