Turmush — Ысык-Ата районунун Кант шаарынын борбордук аянтына жети облустун символу түшүрүлгөн панно коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, паннону жасоого шаардын бюджетинен каражат бөлүнгөн. Бул шаарды көрктөндүрүү иш-чарасынын алкагында өлкөнүн биримдигин арттыруу максатында жасалган эмгек болуп саналат.
Ошондой эле Кант шаарындагы №32 «Үмүт» бала бакчасына (балдардын адаптациялык борбору) демөөрчүлөр аркылуу интерактивдүү такта белек кылынды. Мекеме интерактивдүү тактаны математика, сөз өстүрүү, табият таануу сабактарын өткөрүү менен бирге, ачык сабактарга, жол эрежелерин үйрөтүүгө пайдалана алышат.