Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 15.04.2014 17:29

Жалал-Абад шаарынын Төш Кутчу айылында кургак учук менен 34 жаран катталган, алардын көбү жаш балдар

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Төш Кутчу айылында кургак учук менен ооруп, каттоодо турган 34 жаран бар. Бул тууралуу айылдык фельдшердик-акушердик пунктунун кызматкери Буажар Орозматова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү жаш балдар. «Мындай көрсөткүч менен шаар боюнча алдыңкы орунда турабыз», - дейт ал.

Ал белгилегендей, оорунун көпчүлүгү жаш балдар арасында катталган. Айылда 1 миң 800 калк жашайт. Мындан улам айыл эли таза сууга болгон муктаждыкты чечип берсе дешет, деп кошумчалады дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×