Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Новопавловка айылындагы ички жолдор оңдолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин бир да жолу асфальт төшөлбөгөн жолдор оңдолууда.
«Айылдын Ала-Арча көчөсүнүн 870 метр тилкеси асфальтталса, Совет көчөсүнүн 3 чакырымына асфальт төшөлүп жатат. Ошондой эле тротуарлар да жасалууда. Аталган көчөнүн жолу жаз мезгилине чейин оңдолуп бүткөрүлөт. Ал эми тротуар куруу иштери быйыл аяктайт», - деп айтылат маалыматта.