Turmush — Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексине мэрия тарабынан бирдиктүү спорт кийимдери тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл спорт оюндарында «Манас» спорт комплексинин суучулдары — А.Туленов 3-орунду, М.Сакеев 2-орунду, А.Юрьев 3-орунду, В.Егоров 3-орунду, А.Хохлов 3-орунду, кум үстүндөгү күрөштө А.Русланов 3-орунду, жеңил атлетикада Е.Погребня 1-орунду, Д.Последова 2-орунду, баскетболчулар 3-орунду алган.
Эр эӊиш боюнча дүйнө чемпионатында 1993-жылы туулган Бузурманкул уулу Калыбек 2-орунду багындырган.
Спортчулардын бул жеңиши менен шаар мэри Мирлан Жекшенов куттуктап, бирдиктүү формаларды тапшырды.
Ошондой эле, Россия, Белоруссия, Ереванда өткөн дүйнө, Азия чемпионаттарына катышып, жеӊишке жеткен кара-балталык спортчуларга дагы бирдиктүү форма берилди.