Turmush — Жалал-Абад шаарында «Эмаком» курулуш компаниясы «Жалал-Абад Residence» аталышындагы 9 кабаттан турган 2 көп кабаттуу үйдү куруп бүтүрүп, батир ээлерине ачкычтарын тапшырды.
Ачкыч тапшыруу аземине компаниянын негиздөөчүлөрү, батир ээлери жана шаар тургундары катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн компания жетекчиси Мелис Жусупов ушул тапта облустун башка район-шаарларында да көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын айтты.
«Бүгүнкү күнү Жалал-Абад шаарында баш аягы 170тей үй-бүлөнүн турак жайга, соода түйүндөрүнө болгон муктаждыгы чечилип жатат десем болот. Тактап айтканда, «Жалал-Абад Residence» турак жай комплексинде А-Б блогунун курулушу аяктап, ачкычтарын ээлерине тапшырып жатабыз. Мында 120 батир, 50дөй коммерциялык багыттагы объектилер бар. Бул курулуш 2019-жылдын декабрь айында башталган. Бирок ал арада коронавирус чыгып, жумуштар токтоп, курулуш иштери да үзгүлтүккө учурады. Бул учурда биз 2 квартал же болбосо 6 ай кечигип, имаратты экспулатацияладык. Албетте, мындай учурда бизге ишенип, күткөн кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз!
Турак жай курууда биринчи кезекте курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу бул биздин компаниянын негизги урааны десек болот. Биз өз үйлөрүбүзгө сапаттуу курулуш материалдарын алдык жана кардардын ишеними биринчи кезекте турат. Арматуранын баарын сертификаттын негизинде Россия Федерациясынан алып келдик. Үйдүн сырткы фасадына колдонулган керамика таштар да Россия Федерациясынан алынып келди. Башкысы жашоочуларыбыз курулуштун сапатына ойлонбой жашасын дедик, алар күткөндөй деңгээлде ишенимдүү бүткөрүү болду. Мында жашаган ар бир жашоочуга ыңгайлуу шарт жаратууга аракет кылдык. Жүк ташууга, адам ташууга ылайыкташкан үнсүз лифт орнотулду, бөлмөлөр кең жана жарык болду. Биз колдон келген шарттын баарын жасадык. Үйдүн сыртында автопарковка, кенен жана коопсуз балдар ойноочу аянтчаларынан бери курдук», - деди ал.
Батирдин ачкычы берилген көп кабаттуу үйлөр компаниянын планы боюнча 6 блоктон турган 500 батирлүү үй болот. Анын 2 блогу бүттү, ал эми ушул тапта Б, В, Г, Д корпустарында курулуш иши жүрүп жатат. Мында жашоочулар үчүн жеке менчик бала бакча менен мектеп, балдар ойноочу жай кошо курулуп, өзүнчө заманбап шаарчага айланат.