Turmush — Бүгүн, 25-сентябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде заманбап үлгүдө жасалган жаңы спорттук аянтчанын ачылышы болуп өттү.
Ачылуу аземге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулар курамы, дене тарбия факультетинин жамааты жана студенттер катышты.
Иш-чарада жетекчилер алгач аянтчанын кызыл тасмасын кесип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мында ректор окуу жайдагы жаңылануу иштери бир гана сапаттуу билим берүү жана татыктуу кесип ээлерин даярдоо максатында түзүлүп жатканын белгилөө менен жамаатка жана жаш спортчуларга ийгилик каалады. Андан соң студенттерге аянтчада баскетбол жана волейбол ойноого уруксат берилди.
Аталган аянтча спорттун волейбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташып, атайын спорттун түрүнө багытталган акыркы үлгүдөгү каражаттар менен жабдылган. Ошондой эле астына адиштешкен жумшак резина төшөлүп, ыңгайлуу отургучтар, түнкү жарыктандыруучу каражаттар орнотулган.
Спорттук аянтча окуу жайдын жатаканасынын алдында жайгашып, жатаканада жашаган студенттер үчүн жана жумуш убактысында дене тарбия факультетине колдонууга берилди.