Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын 28 жаштагы тургуну Рамис Акылбеков асыл тукум койлорду багып жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чарбасы тууралуу айтып берди.
Ал Арашан породасындагы койлорду багып, көбөйтүүдө. Бул ишти 1 млн сомго баштаганын айтат. Учурда чарбасында 40 баш Арашан породасындагы кой бар.
«Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте окуп жаткам. Учурда жашоо-шартка байланышуу окуум токтоп турат. Мектепти бүтөрүм менен аскерге бардым. Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде ага сержант болуп, курсанттарды окутуп жүрдүм. 3-курста окуп жүргөн мезгилде Түркияга барып, 2 жыл иштеп келдим. Келип эле үйлөндүм. Ошондон улам айылга байланып калдым. Чет жакка кетип калайын десем келинчегим кош бойлуу болуп, үй-бүлөмдү таштап кетким келген жок. Айылда болгондуктан мал чарбачылык менен алектенүү керек болду. Учурда 5-6 гектар жер иштетем. Атамдын койлору бар болчу, баарын сатып, ордуна Арашан породасындагы койлорду алдым. Тай эжеме мал бага турганымды айттым. Ал мага иш баштоо үчүн 1 миллион сом берди. Бул каражатты «өзүң каалаган ишке жумша» деди. Баары акчага такалат экен. Ошентип асыл тукум кой алып, иштин ыргагын таап кеттим», - деди ал.
Рамис Акылбеков балдарды дзюдо боюнча машыктырат.
«Балдарды күрөштүрүү менен алектенем. Өзүмдүн бала чактан берки хоббим. Самбо боюнча өлкө ичиндеги, облустук сынактарда жеңүүчү болуп, Кыргызстандын чемпиону болгом. Бош убактымда Бөкөнбаев айылында мал базарда мал алып сатып иштейм. Өзүмдүн малдарымды байлап, кайра сатам», - деди ал.
Ал үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы. Келечекте окуусун улантып, дипломун колго алууну максат кылып жатат.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы Арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган. Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.
Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан.
Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...