Turmush — Соңку күндөрү Кыргызстанда казак өндүрүшүндө өндүрүлгөн ундун баасы көтөрүлүп жатканы боюнча сөздөр жүрүүдө. Өкмөт жана жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр өлкө калкын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Себеби, жергиликтүү ун жетиштүү көлөмдө.
Маселен, «Дан» мамлекеттик ишканасынын элеваторунда 56 миң тоннадан ашык эгин сактоо мүмкүнчүлүгү бар. Учурда элеватор 100 пайызга толгон.
Кампаларда да ундун жетиштүү запасы бар. Буудай тынымсыз кайра иштетилип турат — комбинат күн сайын 180 тонна ун чыгарат. Ошондуктан калктын кооптонуусуна негиз жок. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын өкмөтү базарларда жергиликтүү унга болгон бааны интервенциялоо үчүн комбинаттын элеваторунан 20 миң тоннадан ашык буудайды ун өндүрүүчүлөр үчүн чыгаруу маселесин чечти.
«Үч жылдан бери «Дан» мамлекеттик ишканасы жана өлкөдөгү башка ун өндүрүүчүлөр россиялык буудай менен гана иштешет. Анткени Казакстанда буудайдын баасы биздин ундун баасы менен тең болгондуктан, үч жылдан бери алар менен иштеше элекпиз.
«Дан» мамлекеттик ишканасы жергиликтүү рынокто керектөөчүлөр арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон 1-сорттогу унду чыгарат. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калкты арзан баада ун менен камсыз кылуу боюнча социалдык программасын аткарып келет. Бизде ун өндүрүүнү көбөйтүүгө өндүрүштүк кубаттуулук жана сырьёлор бар.
Акыркы жылдары, президент Садыр Жапаровдун тушунда өкмөт өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна чоң көңүл буруп, республиканын элеваторлорун буудайдын максималдуу көлөмү менен толуктоодо. Биздин ишканада ундан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун өсүмдүк майы, кант сыяктуу товарлардын чоң запасы бар.
Ишкананын алдында күн сайын дүкөн иштетип, анда биз биринчи сорттогу унду арзандатылган баада — 25 сомдон (1 кг ун), өсүмдүк майын 90 сомдон (1 литр), кантты 65 сомдон сатабыз. Дем алыш күндөрү Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорунун базарларында жармаңкелерди уюштуруп турабыз», - дейт «Дан» мамлекеттик ишканасынын директору Болот Исмаилов.
Акыркы мезгилдерде ишканада өндүрүштүн 1975-жылдан бери колдонулуп келе жаткан технологиялык линиясында жарым-жартылай модернизация жүргүзүлдү. Бул продукциянын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө «Дан» мамлекеттик ишканасынын бюджеттик жана бюджеттик эмес төлөмдөр боюнча эч кандай карызы жок, эмгек акы жана башка социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт. 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Дан» мамлекеттик ишканасы 7 млн сом киреше аркылуу ишмердүүлүгүндөгү өнүгүүнүн эң жогорку чегине жетти. Ишкана 2 жыл мурун эле чыгымда болчу.
«Дан» мамлекеттик ишканасы жаңы, заманбап, жогорку технологиядагы жабдык орнотууну күтүп жатат. Түркияда чыгарылган бул жабдык суткасына 150 тонна ун чыгарат. 2023-жылдын 8-августунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дан» мамлекеттик ишканасына болгон иш сапарында Президенттик администрацияга аталган жабдыкты сатып алуу үчүн каражат бөлүүнү тапшырды.