Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу 14.04.2014 11:40

Ошто экс-депутат С.Кадыралиевдин элесине арналган кикбоксинг боюнча эл аралык турнир болуп өттү

Turmush -  Ош облусунун Куршап айылында маркум депутат Санжар Кадыралиевдин жаркын элесине арналган спорттун кикбоксинг боюнча ll эл аралык турнири болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул иш-чара 3 күнгө созулуп, (11-12-13-апрель) жеңүүчүлөр Кикбосинг боюнча федерациянын Ардак громаталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Уюштуруу тобунан билдиришкендей, аталган иш-чарага Ош, Жалал-Абад облусунан, Бишкек шаарынан жана Казакстандан кикбоксчулар келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×