Turmush — Ош шаардык ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү, эмгектин ардагери Саламат Ашимбаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ош шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, С.Ашимбаева 15-сентябрь күнү көз жумган. Ал 75 жашта болчу.
Саламат Ашимбаева 1948-жылдын 9-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган.
Ага Кыргыз Республикасынын «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылган.