Turmush — Ош технологиялык университетинде «Билим берүүдөгү укуктук маселелердин күңгөй-тескейи» аттуу темада талкуу болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын билим берүүсүнүн отличниги, профессор Жапанов Аттокур Асаналиевич, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, КРнын билим берүүсүнүн отличниги доцент Осмонов Доктурбек Мырзакматович жана университеттин жалпы жамааты катышты.
«Учурдун көйгөйлүү маселелеринин бирине айланган билим берүү өлкөнүн ар бир жаранынан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Анткени адамзат коому тездик менен өнүгүп жаңы билимдерди, илимди пайда кылууда. Бүгүнкү талкууд ата-бабабыздан калган улуттук нарк-насил, тарбия менен азыркы мезгилдеги билим берүүнү айкалыштырып, өлкөнүн жарандарына билим берүү маселелери туурасында талкуу жүрдү. Ошондой эле, билим берүүчү менен билим алуучулардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматтар берилди», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.