Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районунда акын Шейшеев Эмилбек Шейшеевич узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Э.Шейшеев 16-сентябрь күнү каза болгон, ал 73 жашта болчу. Маркум кечээ, 17-сентябрда өзү жашаган Беш-Күнгөй айылында акыркы сапарга узатылды.
Эмилбек Шейшеев 1950-жылы 28-августта Жумгал районунун Кызарт айылында туулган.
Ал Аламүдүн районунун гимнинин автору. Ошондой эле Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчи, Аламүдүн райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеген.