Turmush — Ош технологиялык университетинин эки окутуучусу мамлекеттик сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы, профессор Ташбаев Азизбек Мазанович «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамына ээ болду.
Ал эми экономика жана финансы кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин кандидаты Баймуратов Абдимиталип Абдиллаевич «Даңк» медалы менен сыйланды.
ОшТУнун жалпы жамааты сыйлык алган окутуучуларды куттуктайт.