Turmush — Ош технологиялык университетинде бүткүл дүйнөлүк программисттер күнү белгиленди. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Иш-чара гумантардык-технологиялык колледжинин информатика, программалоо жана байланыш кафедрасы тарабынан маалыматтык технология багытында билим алып жаткан студенттерди куттуктоо жана 1-курстун студенттерин бул кесиптин өзгөчөлүгүнө багыттоо, аларды салтанаттуу түрдө студенттик катарга кабыл алуу максатында уюштурулду.
Иш-чарага шаардагы IT тармагында иш алып барган борборлордон коноктор катышып, бул багыттын бүгүнкү күндөгү коомдогу ордун белгилеп, студенттерге маалымат беришти. Кафедранын жетекчилиги тарабынан мыкты окуган студенттерге грамоталар тапшырылды.