Turmush — 29 жаштагы Керимбек Акматов Ош облусунун Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына Акматов өзү тастыктады.
Анын айтымында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички резерв кадрына ачык сынакка катышып, сынактын жыйынтыгы менен 2022-жылы резервге кирген. Аталган министрлик тарабынан Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна сунушталган.
Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин 2023-жылдын 12-сентябрдагы буйругу менен кызматка дайындалды.
Керимбек Акматов 1994-жылы 22-майда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган.
Резюмесин жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в YouTube — подпишись!