Turmush — Талас мамлекеттик университетинин ректору болуп Жыргалбек Шаршембиев дайындалды. Бул тууралуу Талас мамлекеттик университетинен билдиришти.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин 2023-жылдын 7-сентябрдагы №186/4 буйругу менен Талас мамлекеттик университетинин ректору болуп Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович дайындалды.
2023-жылдын 21-августунда Билим берүү жана илим министрлиги Талас мамлекеттик университетинин ректорлугуна сынак жарыялаган. Бүгүнкү күнгө чейин ректордун милдетин филология илимдеринин кандидаты Жумалиев Самат Субанкулович аткарып келген.
Аталган университетте бир нече жыл үзүрлүү эмгектенишкен Жунусалиева Кундуз Тотоновна, Ажибаева Айнура Жакшымбековна, Тургунбаев Мелис Сыргабаевич, Айталиева Толкун Кундузбековналар ректорлукка ат салышкан.
Эртең, 8-сентябрь күнү саат 14:00дө Талас мамлекеттик университетинде жаңы ректорду расмий тааныштыруу иш-чарасы болот.
Жыргалбек Шаршембиев 1977-жылы 24-ноябда Талас облусунун Талас районуна караштуу Козучак айылында туулган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...