Turmush — Бүгүн, 6-сентябрда Ош технологиялык университетиндеги изилдөө иштерине дем берүү, илимий иштердин натыйжаларын жайылтууга, ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүү, жеке сектордогу иш-чараларды колдоо максатында семинар болуп өттү.
Иш-чара Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азиядагы (PECA) экономикалык өсүштүн секторлору үчүн кесиптик билим берүү» долбоорунун алкагында Колдонмо изилдөөлөр фондунун 2-раундуна жарыяланган сынакка кантип катышуу жана кантип грант утуп алуу туурасында болуп өттү.
Семинардын спикерлери — Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлү З.Оморова жана ОшТУнун автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин деканы, профессор Б.А. Жоробеков, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Э.А.Смаилов тарабынан колдонмо изилдөөлөр багытында долбоор түзүү боюнча кеңештер, усулдук жардамдар, жаңы маалыматтар да берилди.
Семинар суроо-жооптор менен коштолду. Иш-чарага университетте эмгектенип жаткан долбоор түзүүгө кызыкдар илимпоз окутуучулар катышты.
Учурда ОшТУда Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) 4 долбоору ишке ашууда. Аны профессор Б.Жоробеков, профессор Э.Смаилов, профессор А.Атабеков жана доцент А.Хамзаева жетектөөдө.