Turmush — Ош технологиялык университетинде окуу процессин өркүндөтүү үчүн заманбап техникалык каражаттар сатылып алынды.
Окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 6 млн 469 миң сомго 86 дюйм өлчөмүндөгү RioTouch LT 86 моделиндеги жаңы сенсордук панел доскалар алынып келди.
Бүгүн, 6-сентябрда ал техникалык каражаттарды ректор Жанболот Турсунбаев ар бир факультеттин декандарына билим берүү процессинде пайдалануу үчүн өткөрүп берди.
Студенттерге заман талабына ылайык билим берүү менен аларды келечекте өз кесибинин мыкты адиси болууга университет жетекчилиги менен жалпы жамааты аракет кылып келүүдө.