Turmush — Бүгүн, 1-сентябрда Ош технологиялык университетинде жаңы окуу жылына карата Билим күнү белгиленди.
Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер жана ата-энелер катышты. Салтанатты расмий түрдө окуу жайдын ректору , т.и.к., доцент Жанболот Турсунбаев ачып, алгач жалпы катышуучуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктап өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Жыйынтыгында 1-курстарга факультеттер боюнча маалыматтар берилип, тайпаларга бөлүштүрүү жана окуу жайга саякаттар уюштурулду.