Turmush — Бүгүн, 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата Алай районунун Гүлчө айылында салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чараны айыл өкмөт башчысы Сүйөрбек Исаев ачып, Гүлчө айыл аймагынын жашоочуларын Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы менен куттуктады. Салтанатка район акими Азамат Кожомамбетов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, тургундар катышты.
Майрамдык салтанатка карата борбордук стадиондо айыл чарба продукцияларынын, улуттук кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө-жармаңкелер уюштурулуп, иш-чарага айыл аймактагы бала бакчалардын кызматкерлери катышып, атайын түзүлгөн комиссия жыйынтык чыгарды.
Ошондой эле майрамга чейин уюштурулган «Мыкты айыл», «Үлгүлүү көчө», «Мыкты мекеме» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйланды.
Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгү Алай райондук маданият бөлүмүнүн театрлаштырылган оюн-зоок программасы жана мектептер жамаатынын концерттик программалары менен коштолду.
Спорттук оюндардан аркан тартыш, ордо боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчү командалар акчалай сыйлыктар, диплом жана кубоктор менен сыйланды.