Turmush — Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Венера Токтомушева дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмек Бахавадиновдун 2023-жылдын 22-августундагы буйругу менен буга чейин райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси болуп иштеп келген Токтомушева Венера Кеңешбековна райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Ал эми буга чейин аппаратты жетектеп келген Осмонов Нурбек Лесбекович өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Токтомушева Венера Кеңешбековна Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында 1981-жылы 8-апрелде төрөлгөн. 1998-жылы Теплоключенка айылынын М.Мамакеев атындагы орто мектебин аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...