Turmush — Кадамжайлык Абдимиталип Турдуматов жубайы Болдукан Турдуматова менен 5 гектар жерди бакка айландырып, жол боюна гүлдөрдү отургузушкан, деп билдирди аймактык кабарчы.
Каарманыбыздын багынын сыртынан гүлзарды, ичинен өрүк, шабдалы, жүзүм, анар, алма жана башка мөмө-жемиштерди табууга болот. Өткөн жылы багына атайын көлмө жасап, балыктын 4 түрүн да багып көргөн.
«10 жылдан бери дыйканчылык кылып, отургузган көчөттөрдүн түшүмүн эми көрүп жатабыз. 5 сотых аянтта жүзүм бак бар. Ал жерден мөмө эле эмес, көчөт да өстүрүп сатабыз. Биздеги мөмөлөр жеринен сатылат. Анткени чоң трассанын боюнда жайгашканбыз. Башында базарга алып барып, убара болуп жүрүптүрбүз. Азыр ары-бери өткөндөр алып кетишет. Жүзүм багыбыздын өзүнөн 80 миң сомдук түшүм алып саттык. Анан Сүлүктүдөн тартып Ысык-Көлгө чейин тууган-урук, дос-тааныштар ооз тийишет. Мындан тышкары көчөт сурагандар көп. Жолдун боюнда жүзүмдөн сырткары роза гүлдөрдү тиккенбиз. Өткөн адамдарга жагымдуу маанай тартуулап туралы дедик. Мээни сергитип алышат. Ошол эле жолдун боюна көлмө жасап, балыктын 4 түрүн өстүрүп көрдүк», - дейт багбан Абдимиталип Турдуматов.
Ал 1000 түп өрүк жана шабдалы көчөтүн отургузуп, түшүмүн эми гана көрө баштаган. Ар жылы ар кандай баада сатылып, быйыл баа төмөн болгонун айтат.
«Башында өрүк жана шабдалынын көчөтүн отургузгам. Аны туура эмес карап алганмынбы, көбү куурап калды. Ошентсе да көктөп калгандары бар. Шүгүр, түшүмдү көрүп баштадык. Быйыл баа төмөн болуп, өрүктү 50 сомго чейин саттык. Шабдалы да жылдагыдан арзан, 25-30 сомдон», - дейт ал.
Дыйкандын багы Ош—Баткен—Раззаков жолунун боюнда, Бүргөндү айыл аймагында жайгашкан. Ал келечекте багын мындан да кооздоп, Баткендин эң кооз жайына айлантарын кошумчалады.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...