Turmush — Талас облустук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчилер дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2023-жылдын 18-августунда ички иштер министри кол койгонун Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын полковниги Азенбек Козукеев Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болду. Ал буга чейин Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп иштеп жаткан.
Ал эми милициянын полковниги Тантиев Асрол Ахролович Талас ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин башчысы кызматында иштеп жаткан.
Жаңы жетекчилер бүгүн, 21-августта өздүк курамга тааныштырылды.
Буга чейин Талас ОИИБди Токтоналиев Азамат Шейшенбекович жетектеп келген. Ал Бишкек ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...