Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 08.04.2014 10:14

Сүлүктү шаарында кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаарында кургак учук оорусу менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу оорунун алдын алуу жана элге кеңири маалымат берүү максатында Сүлүктүдө өткөрүлгөн акцияда айтылды.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы облус аймагында бул оору боюнча катталгандардын саны 10%га өскөн.

Акциянын жүрүшүндө жаштар 1 чакырым аралыкка чуркашса, мугалимдер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери волейбол боюнча мелдешти.

Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан мелдештин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, 2012-жылы 15 жаран кургак учук илдетине чадыккан болсо, 2013-жылы 19 адам катталып, оорулуулардын саны улам өсүүдө, дешет уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×