Turmush — Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Баялиева Рита Мэлсовна дайындалды. Тийиштүү буйрукка Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Адыбек Набиев кол койду.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка район акиминин орун басары Фатима Өмүралиева тааныштырды.
Буга чейин бул кызматта Каныбек Насыбалы уулу иштеп келген. Ага жалпы республикалык тестирлөө боюнча Жумгал районундагы көрсөткүч төмөн болгондуктан катуу сөгүш берилген. Андан кийин ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Ал эми Рита Баялиева 2023-жылдын март айынан бери Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинде директор болуп эмгектенип келе жаткан.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек:
info@akipress.org
Новости на кыргызском языке в сети Х — подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча
24-07-2023
Жумгалда бир катар жетекчилерге сөгүш жана эскертүү берилип, калгандарына тартиптик чара көрүү үчүн сунуш жөнөтүлдү
03-08-2023
Катуу сөгүш алган Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Насыбалы уулу кызматтан кетүү боюнча арыз жазды