Turmush — «Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду» дирекциясы өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан 2023-жылдын 1-июлунан тартып 2024-жылдын эсебинен каржылоо максатында долбоорлорду кабыл алууну баштады.
Бул Жалал-Абад облусунун шаарларынын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын жарандарынын жашоо деӊгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерди колдоо максатында ишке ашырылып жатат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги №187 токтому менен бекитилген «Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө» типтүү жобого ылайык, фонддун бюджеттик каражаттарынын эсебинен төмөнкү максаттарга багытталган долбоорлор кабыл алынат:
- капиталында 100% мамлекеттин үлүшү бар же капиталында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын олуттуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бирине (мындан ары банк) андан ары ишкердик субъекттерине мөөнөттүү, акы төлөө жана кайтарымдуулук негизде кредит берүү үчүн финансылык каражаттарды берүүгө;
- үлүштүк катышуу принциптеринде ишкердик субъекттери менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга;
- мөөнөттүүлүктүн, акы төлөөнүн жана кайтарымдуулуктун негизинде «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун катышуучулары менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга (үлүштүк катышуу принциптеринде жана/же Банк аркылуу жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу);
- инфраструктуралык долбоорлордун, экономикалык долбоорлордун, анын ичинде региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун техникалык документтерин иштеп чыгууга;
- саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттердин материалдык-техникалык базасын куруу, оңдоо жана чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
- калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
- жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды алууга;
- «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде тийиштүү финансылык макулдашуу түзүү аркылуу финансылык каражаттарды берүү жолу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
- калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиялык натыйжалуулук, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
- фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3%нан кем эмес өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана жабыр тарткан калкты материалдык жактан колдоого (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу);
- эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
Долбоорлорду тандоо үчүн керектелүүчү зарыл документтер жана долбоордук өтүнмөнүн нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги №187 токтому менен бекитилген «Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө» типтүү жобосунда көрсөтүлгөн. (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/159859?cl=ky-kg)
Артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо үчүн билдирүүлөр 2023-жылдын 30-ноябры саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Кабыл алынуучу долбоорлордун документтеринин сканерленген варианты флешкада (USB) долбоор менен бирге тапшырылышы керек.
Долбоорлор төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү 11, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты, «Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду» дирекциясы.
Байланыш телефону: (03722) 2 32 72, факс: (03722) 2 45 30.