Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуНоокат району 07.04.2014 11:05

Ноокат районунда спорттун аскредик прикладдык түрү боюнча спартакиада болуп өттү (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагында жайгашкан Тажибай орто мектебинде спорттун аскердик прикладдык түрү боюнча спартакиада болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Мелдешке райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук аскер комиссариатынын комиссары, рай БББнын кызматкерлери, мектептердин аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалимдери жана мектеп окуучулары катышты.

Жалпысынан аталган иш-чарага район аймагындагы 10 мектептин окуучулары катышып, алар спорттун бир катар түрлөрү: жардыргыч ыргытуу, пневматикалык куралдан атуу, Калашников автоматын колдонуу, чуркоо жана башка түрлөрү боюнча күч сынашты.

Калыстар тобунун мүчөсү, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Кожомберди Кубатовдун айтымында, спартакиада жогорку деңгээлде өттү. Ал эми бул иш-чара Коргоо министринин № 10-буйругун ишке ашыруу жана «мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылынын алкагында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында райондогу үч-бай орто мектеби 1-орунду, Т.Темиралиев орто мектеби 2-орунду камсыз кылып, уюштуруу тобунун баалуу белектерине ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×