Turmush — Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл аймагына караштуу Рассвет айылында алгачкы жолу футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ала-Арча айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Ачылыш аземге Ала-Арча айыл өкмөт башчысы Гүлкайыр Ниязова, айылдык кеӊештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.
Салтанаттуу иш-чарадан соӊ жаштар арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү.
- Футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 4 млн сомдой каражат бөлүндү.
«Бүгүнкү күндө айыл жаштары команда түзүп, машыгып, ойноп жатышат. Бир гана эркектер эмес, кыз-келиндер арасынан да командалар чыгып баштады», - деп айтылат маалыматта.
Рассвет айылында жалпысынан 100 кожолук бар, 400гө чукул тургун жашайт.