Turmush — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп Айгүл Идинова дайындалды. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Идинова Айгүл Карабековна Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы—акимдин орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин Айгүл Идинова Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.
Ал эми акимдин мурунку орун басары Алтынай Калыкова өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Телеграм-канале подпишись!