Turmush — Жаңы окуу жылынын башталышына 1 ай убакыт калды. Учурда ата-энелер электрондук каттоо аркылуу балдарына мектептерден орун алып жатат. Айрымдары балдарын жеке менчик мектептерде окутат.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынды.
Анын ичинен 2440 бала жеңилдик менен кабыл алынды.
Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59%ын түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар.
Ош шаарында 55% орунга окуучулар катталды.
Ош шаарындагы жеке мектептерде окуу акысы канча сом? Бул суроого Turmush басылмасынын кабарчысы жооп издеди.
Ош шаары боюнча жалпы 36 жеке мектеп бар.
Жеке мектептердин тизмесин жана төлөмүн билүү үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Threads — подпишись!