Turmush — Кечээ, 2-августта Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
К.Насыбалы уулу бул кызматка 2020-жылдын февраль айында дайындалган.
Буга чейин Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын январь-июнь айларына карата жыйынтыгы чыгарылып, анда бир катар мекеме жетекчилерине сөгүш, эскертүү берилген болчу. Алардын арасында Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу дагы бар. Ага жалпы республикалык тестирлөө боюнча Жумгал районундагы көрсөткүч төмөн болгондуктан катуу сөгүш берилген эле.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...