Turmush — ОшТУда абитуриенттер сынак тапшырып жатат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-2024-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу кызуу жүрүп жатат. Ош технологиялык университетинде жогорку окууга ЖРТсыз кабыл алынуучу интерьер жана жабдуулар, кийимдин дизайны, графикалык дизайн жана интерьер дизайны адистиктерине бюджеттик жана келишим боюнча акы төлөнүүчү негизде тапшырган абитуриенттерге экзамен болуп өттү.
Студенттикке кабыл алуу үчүн жүргүзүлгөн сынак эки бөлүктөн туруп, алгач абитуриенттер тапшырган адистигине жараша практикалык сыноодон өтүшсө, экинчи бөлүгүндө кабыл алуу комиссиясы тарабынан даярдалган предметтер боюнча тесттик сынак тапшырышат.