Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 03.04.2014 16:37

Нарын районунда ар кандай категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелген 2159 адам каттодо турат

Turmush -  Учурда Нарын районунун социалдык өнүгүү башкармалыгында ар кандай категориядагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2159 адам каттодо турат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар негизинен мамлекет тарабынан кепилденген женилдиктерди, ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдарды алып турушат. 2013-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 адам коляска менен камсыз болсо, 16 адам санатория-курорттук жолдомо жана 63 адам протездик - ортопедиялык буюмдар менен бекер камсыз болушкан.

Мындан тышкары, 120 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык кызматкерлер үйлөрүнөн тейлешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×