Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу 03.04.2014 13:54

Оштогу кургак учукка каршы акциянын жүрүшүндө бул ооруну кымыз менен дарыласа болоору айтылды

Turmush -  Ош облусунда кургак учук оорусун кымыз менен дарылаган айрым бектаптар бар экен. Алардын бири Ош шаарынын тургунунун айтымында, анын кургак учук оорусуна кымыз аябай чоң таасир эткен.

«Анткени, мен эжем менен Ош облусундагы Алай районунда бцл ооруну кымыз менен дарылоого барып, андан жакшы жыйынтык чыккан», - дейт ал.

Бирок, бул пикирди кургак учук оорусуна каршы акцияга чыгып жаткан уюмдардын өкүлдөрү муну колдобойт. Алар оору боюнча сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуусун сунушташат. «Анткени өз алдынча дарылап, ооруну күчөтүп алышы мүмкүн», - дейт уюмдун өкүлдөрү.

Маалыматта кошумчалангандай, бул маселенин алдын алуу үчүн Ош облусунда акция өтүп, элдерге ооруну дарылоо боюнча маалымат берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×